Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Президент К. Бакиев эртең облустагы бир нече ишканалардын ачылышына катышат


Облустук бийликтин маалымат кызматы президент бүгүн кечке жуук Камбар-Ата ГЭСинин курулушунда болоорун билдирди. 4-июнда К. Бакиев облустун Кара-Көл шаарында жаңы ишке кирген кичи гидротүйүндүн иши менен таанышат. Кийин Таш-Төмүр шаарындагы жарым кремний чыгаруучу заводдун тасмасын кесип, аталган шаардын калкы менен жолугушат. Президенттин кезектеги иш сапары эртең Кочкор-Ата шаарында спорт комлексин ачып, шайлоочулар менен кездешүүсүнөн кийин аяктааарын билдирди маалымат кызматы. БЭКтин талапкери А. Атамбаевдин облустагы жактоочусу К. Бакиевдин бир эле учурда президенттикке талапкер, жана өлкө башчысы катары эл кыдырып жүргөнү түшүнүксүз болуп жаткандыгын, эгер талапкер катары үгүт өнөктүгүнө чыкса, анда кызматын тапшыруусу зарыл экендигин билдирди. Облустук шайлооком шайлоо мыйзамында кызматын тапшыруу тууралуу талап президент менен ЖК депутаттарына тарабай турганы көрсөтүлгөнүн маалымдады. (YA)

XS
SM
MD
LG