Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Ошто участкалык шайлоо комиссияларынын курамына беш партиянын өкүлдөрү кирди


Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов «Азаттыкка» маалымдашынча, аймактагы 467 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына «Ак Жолдун» - 415, «Ата Мекендин» - 22, «Жаңы Кыргызстандын» - 293, коммунисттердин – 296, социал-демократтардын – 197 мүчөсү чүчүкулак кармоо жолу менен тандалды. УШКнын мүчөлөрүн ылгоодо партиялардын бийликчил же оппозициячыл экендигине басым жасалган жок, бирок саясий уюмдардын бул сапар өзгөчө активдүүлүгү байкалды. Анткени менен оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук лидерлеринин бири Төлөлгөн Келдибаев чүчү кулак кармоодо бурмалоого жол коюлгандыгын, мындан тышкары укук коргоо органдары УШКга мүчөлүккө өткөн «ата мекенчилерди» жана СДПчыларды коомдук ишинен баш тартууга мажбурлап жатышкандыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG