Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

Укук коргоочулар Пан Ги Мунга кат жолдоду


Ирандык укук коргоочу, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мунга кат жолдоду. Анда Ширин Эбади баш катчыны Иранга 12-июнда өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган укук бузууларды иликтөө үчүн атайын өкүлүн жиберүүгө чакырган. Пан Ги Мунга катты бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана Ирандын адам укугун коргоо боюнча лигасы да жолдогон. БУУнун баш катчысы Иранда митингдин катышуучуларына карата бийликтин зомбулугун сынга алган билдирүү жасаган болчу.

XS
SM
MD
LG