Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Иранда бүгүн британ элчилигинин дагы бир кызматкери түрмөдөн чыгат


Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд билдирди. Иран 12-июндагы шайлоодон кийин «көчөдөгү тополоңдорду уюштурууга катышкан» деген кине менен британ элчилигинин тогуз кызматкерин камакка алган. Бүгүн эгерде дагы бир кызматкер бошотулса, камакта жалгыз бирөө гана калат. Милибанд буга чейин британ элчилигинин адамдары эч кандай мыйзамга каршы келчү иштерге барышпаганына толук ишенээрин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG