Аталган талапкердин штабынын мүчөсү Улан Карыпов «Азаттыкка» кабарлашынча, Темир Сариев бүгүн Өзгөн жана Алай районунун шайлоочулары менен жолукту. Талапкердин айтымында, өлкөдө таза жана ачык-айкын саясаттын жоктугунан коррупция күч алып, айланган каражаттардын 70 пайызы туура эмес максаттарга жумшалууда. Албетте, мындай жышаан мамлекеттин коопсуздугуна орду толгус кесепетин тийгизет. Анткени дүйнөлүк практикада көмүскө экономиканын көрсөткүчү 15-17 пайыздан ашса, ал өлкө келекчексиз деп эсептелинет. Ошондуктан, Темир Сариев алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланбасы үчүн ар бир шайлоочуну добуштарын коргоп калууга үндөдү.
Жолугушууларга байкоо салган «Ак жол» партиясынын өкүлү Руслан Ташанов «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариевдин жүйөөлөрүнө кошулбай тургандыгын айтып, экономика өнүгүү жолуна түшкөндүктөн элдин турмуш-шарты жакшырып бараткандыгын белгиледи. (ATo)