Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Иранда британ элчилигинин камакка алынган 2 кызматкеринин бири бошотулат


Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибенд билдирди. 12-июнда президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акциялары маалында “тополоңдорду уюштурууга катышкан” деген кине менен Британиянын Тегерандагы элчилигинин тогуз кызматкери камакка алынган. Алардын жетөө көп өтпөй бошотулган. Министр Дэвид Милибенддин айтымында, элчиликтин кызматкерлери эч кандай акцияларга катышкан эмес. Ал аралыкта Иран бийлиги нааразылык акциялары маалында камакка алынгандардын жарымынан көбү бошотулганын маалымдады. Тегеран полициясынын башчысынын айтымында, 1032 кишинин үчтөн экисине азаттык берилген.

XS
SM
MD
LG