Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Президенттикке талапкер Т.Сариевге Араванда бут тосуулар болууда


Бул тууралуу “Ак шумкар” партиясынан басма сөз катчысы Улан Карыпов “Азаттыкка” билдирди Анын айтымында, президенттикке талапкер Темир Сариев бүгүн Аравандын автобекетинде шайлоочулар менен жолугушканы саат ондо барганда, ал жердеги участкалык милиция кызматкери, райондук администрациянын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүүгө тыйуу салды. Талапкердин ишенимдүү өкүлдөрү райондун акимине билдиришкенде, аким шайлоочулар менен жолугушуу өткөрө берүүнү айткан. Бирок автобекеттин жетекчилиги Т.Сариев менен жолугушууга айдоочулар каршы болуп жатышат деген шылтоо менен жолугушууну үзгүлтүккө учуратты. Авто бекеттин айдоочулары болсо талапкер Т.Сариевге эч кандай каршы болушпаганын, аны менен жолугушууга кызыкдар экендигин билдиришти, дейт У.Карыпов. Бул боюнча азырынча Араван районунун администрациясы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

“Кечээ президенттикке талапкер Темир Сариев ОшТВ сыналгысында түз эфирге чыгып, шайлоочулардын берген алтымыштан ашуун суроосунун, отуз бешине жооп берди. Шайлоочуларды негизинен соициалдык маселелер кызыктырып, алар медициналык тейлөө кымбаттаганын, адам укуктарынын басмыраланып жатканына, ички иштер, сот системасында паракорчулуктун күчөшүнө нааразы болушту”,-деди У.Карыпов. (AJ)

XS
SM
MD
LG