Ишембидеги белгисиз куралчан топ уурдап кеткен адамдар - минага каршы адистер экени айтылган. Аларды бошотууга жергиликтүү уруулардын башчылары жардам беришкен. Алар барымтачылар менен байланыша алышкан. Кабарларга караганда, адамдарды бошотуу үчүн барымтачыларга акча сунуш кылынган жок.