Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Чүйдө шайлоого байланышкан нааразылыктар күч алууда


Аймактагы активдүү тургундар үгүт иштерине байланыштуу жергиликтүү бийликтин мыйзамсыз аракеттерин сынга алышууда. Москва районунан Абдыкалык Рустамовдун айтымында, өткөн жума аталган район эли оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугушкан. Буга байланыштуу Беловодск айыл өкмөтү А. Рустамовго эскертүү берип, оппозиция лидерлери менен болгон жолугушуулар Шайлоо кодексине каршы келээрин айткан. Ал эми Улуттук кеңештин Чүй району боюнча координатору Бакыт Нуралы уулунун айтымына караганда, учаскалык шайлоо комиссияларына саясий партиялардын өкүлдөрү такыр киргизилген эмес. Бирок облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Рахат Иманбекова шайлоо комиссияларына байланышкан нааразылыкты толугу менен четке какты. Ошондой бул аралыкта үгүт иштерине байланыштуу олуттуу мыйзам бузуу катталган жок деп кошумчалады Рахат Иманбекова. (JJ)

XS
SM
MD
LG