Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

БЭК Ысык-Көл облбийлигин сотко берди


31-майда Ысык-Көл облусунда БЭКтин курултайын үзгүлтүккө учуратканы үчүн облустагы жергиликтүү мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин үстүнөн доо арыз 3-июлда БЭК тарабынан Ысык-Көл облусундагы район аралык сотко жолдонгонун кыймылдын мүчөсү Т.Тургуналиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик оппозициянын курултайын үзгүлтүккө учуратып, Конституцияда көрсөтүлгөн адам укуктарына жана тынч митинг, жыйындарды өткөрүү укугуна каршы жасаган иш аракеттери үчүн 10 млн.сом моралдык чыгымды төлөп берүүсү керек. Т.Тургуналиев ошондой эле бийлик соттук териштирүүлөр менен оппозицияны шайлоодон алагды кылуу аракетин көрүп жатканын белгиледи. Ал буга мисал кылып, талапкер Н.Мотуевдин атаандашы президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевди шайлоо укугунан четтетүү талабы менен сотко бергенин айтты.

Бул боюнча Ысык-Көл облустук администрациянын пикирин азырынча биле алган жокбуз. (AJ)

XS
SM
MD
LG