Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Иранда оппозиция лидерлери президенттик шайлоодон кийин камалгандарды бошотууга чакырды


Президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы өткөн нааразылык чаралары учурунда камалгандарды бошотууга чакырган билдирүүгө президенттикке мурдагы талапкерлер Мир Хоссеин Мусави, Мехди Каруби жана мурдагы президент Мохаммад Хатами кол коюшкан.

12-июндагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин бийлик күч менен баскан нааразылык акциялары учурунда оппозициянын жүздөгөн жактоочулары, анын ичинде саясий активисттер менен журналисттер, реформаны жактагандар камалган. Көчө чыккандар президент Махмуд Ахмадинежаддын кайра шайлануусун добуштарды бурмалоонун натыйжасы деп эсептешкен.

XS
SM
MD
LG