Түштүк баш калаасынын тургундары «Азаттыкка» билдиргенине караганда, милиция кызматкерлери ар бир үйдү кыдырып, жашаган адамдардын эсебин, иштеген жерин сурамжылоодо. Мындай текшерүүнү алар Жалал-Абатта жана Өзгөндө террорчу согушкерлер жок кылынгандан кийин паспорттук режим киргизилгендигине байланыштырууда. Бирок жергиликтүү жашоочулар «алдыдагы президенттик шайлоого туштап текшерүү күчөтүлдү, эми үй комитеттери аркылуу 23-июлда адамдарды участокторго барып добуш берүүгө мажбурлашы ыктымал» деп күмөн санашууда.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков маалымдашынча, паспорттук режим киргизиле элек, бирок үйлөрдү кыдырып пландалган текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.(ATo)
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков маалымдашынча, паспорттук режим киргизиле элек, бирок үйлөрдү кыдырып пландалган текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.(ATo)