Кытайдын мамлекеттик “Синьхуа” жаңылыктар агенттиги жекшемби күнү 156 адамдын өмүрүн кыйып, 800дөн ашуун кишини жарадар кылган тополоңго байланыштуу камалгандар саны 1400дөн ашуун экенин бүгүн кабарлады.
Коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө карабай бүгүн Шинжаңдын борбору Үрүмчүдө уйгур аялдардын тобу камактагыларды бошотуу талабы менен чогулду. Ал эми таяк жана бычак менен куралданган кытайлардын тобу уйгурларга караштуу дүкөндөргө кол салышты. Аларды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Үрүмчүдө болсо бүгүн коменданттык саат киргизилди. Мындай тартип жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 21:00дөн, эртең мененки саат 8:00гө чейин созулат.
Кабарларга караганда, шаарга аскерлер да киргизилген. Кытай бийликтери ага катар уюлдук телефон байланышын, Интернеттин иштөөсүн басаңдатты.
Үрүмчүдөгү тополоңдор учурунда мерт болгондордун санынын көптүгүнө бүгүн БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Наванет Пиллай катуу камтамачылыгын билдирди. Анын өкүлүнүн айтымында, жогорку комиссар кытайлар менен уйгурлардын жарандык лидерлерин жана кытай бийликтерин сабырдуулукту көргөзүүгө, жаңы кыянатчылыктардын тутанышына жол бербөөгө чакырды. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары ошондой эле жекшемби күнү Үрүмчүдө орун алган тополоңду көз карандысыз иликтөө зарылдыгын белгилеген.