Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Президенттикке талапкер Темир Сариевди куугунтуктоо башталды


Талапкердин ишенимдүү өкүлү Уланбек Карыповдун “Азаттыкка” бүгүн эртең менен билдиргени боюнча кечээ “Ак шумкар” саясий партиясынын лидерине жана анын командасына Таш-Көмүр шаарында жергиликтүү бийлик тарабынан кысым болуп, алар түн ичинде шаарды таштап, чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. “Биз жаткан үйдүн кожоюнуна түнкү саат 11де Таш-Көмүр шаарынын мэри, шаардык каржы полициясы, Коопсуздук кызматынын жетекчилери улам-улам телефон чалып, айрымдары келип, бизди чыгарышын талап кылышты. Үй ээсине зыяныбыз тийбесин, деп түн жарымда чыгып кетүүгө аргасыз болдук,” дейт Уланбек Карыпов. Ал ошондой эле президенттин кичи мекени шайлоо башталбай жатып, бөрк ал десе баш алган саясат жүргүзүп атса, шайлоонун акыйкат өтөрүнө ишенич жок, деген пикирин билдирди. Талапкер Темир Сариевдин ишенимдүү өкүлдөрү бул окуя боюнча чара көрүүсүн өтүнүп бүгүн мамлекет башчыга жана ошондой эле коомчулукка кайрылышмакчы.
Бул маалыматты тактоо үчүн Таш-Көмүр шаар бийлигине кайрылган аракетибиз азырынча ийгиликсиз болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG