Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Коста-Риканын президенти Гондурастагы саясий кризисти жөнгө салат


Коста-Риканын президенти Оскар Ариас Гондурастагы саясий кризисти жөнгө салууда арачы болот. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон билдирди. Шейшемби күнү Клинтон айым 28-июнда Гондураста төңкөрүштөн кийин өлкөдөн куулган президент Мануэл Салайя менен жолугушту. Мануэл Селайя жана Гондурастын убактылуу президенти Роберто Мичелетти Коста-Риканын президентинин арачылык ролду аткарышына каршы болбогонун АКШнын мамлекеттик катчысы билдирди.

XS
SM
MD
LG