Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Монополияга каршы күрөшүү комитетинин жетекчисинин орун басары Назира Үсөналиева билдирди. Анын айтымында, бул жөнүндө өкмөттүн токтому 18-майда эле кабыл алынган. “Жаңы Салык кодекси ишке киргени бюджеттин эсебинен каржыланчу мекемелерге киреше эсебинен салык 20 пайызга көтөрүлдү. Ушул себептен ЖОЖдор келишим акысын көтөрүп, бул студенттердин нааразычылыгын туудуруда,” - дейт Н. Үсөналиева. Бүгүнкү күнгө Бишкектеги ЖОЖдор ичинен кыргыз-орус Славян университети гана келшим баасын көтөрүү боюнча демилге көтөрө элек. Калгандары Монополияга каршы күрөшүү комитетине келишим баасын көтөрүү арызы менен кайрылганы маалым болду. (EK)