Линктер

бейшемби, 22-июнь, 2017 Бишкек убактысы 18:24

ШКУнун алкагында илим жана технология боюнча бирдиктүү кор түптөлөт


Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ШКУнун алкагында илим жана технология боюнча бирдиктүү кор түптөө демилгеси 3-5-июлда Новосибирскиде өткөн мамлекеттик илимий мекемелердин II форумунда көтөрүлгөн. Форумга Кыргызстандан Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Туратбек Оморов баштаган делегация катышкан. Окумуштуулар форумунда дүйнөлүк экономикалык түзүлүш трансформацияга дуушар болуп жаткан бүгүнкү шартта улуттук экономикалардын атаандаштык дараметин камсыздоо маселелери талкууга алынган. (EK)

XS
SM
MD
LG