Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Талапкер Т. Сариевдин Шамалдуу-Сай шаарчасындагы жолугушуусунда шайлоочулар өз ара кайым айтышты


Талапкердин өкүлү Улан Карыпов билдиргендей, Шамалдуу-Сай шаарчасында Темир Саривге алдын ала-даярдалган суроолор берилди. Бийликти жактаган адамдардын « биз Курманбек Бакиевди шайлайбыз, сен кийинки шайлоого кел» дегенине, калыс кишилер “президенттик шайлоого катышууга укуктуу” дешип, Сариевди колдоорун билдиришти. Шайлоочулар коррупция асмандап кеткендигине нааразы болушту. Шаарча жанындагы Үч- Коргон ГЭСинен агып чыккан суу кайда бараарын жана канча акчага, кайсы жакка, канча өлчөмдө сатылаарын билбей тургандыктарын айтышты. Талапкердин өкүлү кечээ түндө Таш-Көмүр шаарынан чыкканда арттан түшкөн эки автоунаа Аксыдан бери аңдып келатканын да кошумчалады. Темир Сариев жолугушуусун эртең Токтогул районунда уланта турган болду.

Облуска президенттикке талапкерлер Т. Үмөталиева, Ж. Назаралиевдин келүүсү күтүлүүдө. Буга чейин Жалал-Абат аймагында БЭКтин бирдиктүү талапкери А. Атамбаев менен президент К. Бакиев болуп кетишкен. (YA)

XS
SM
MD
LG