Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кризис учурундагы миграция маселеси “Достукта” талкууланууда


Миграция жана эмгек боюнча мамлекеттик комитет кризис шартында миграция жана эмгек менен камсыздоо боюнча 2010-2012-жылдарга эсептелген план иштеп чыкты. Документти иштеп чыгууга “Сорос-Кыргызстан” фонду, Эл аралык эмгек уюму жардам берген. Бүгүн “Достук” мейманканасында план коомдук талкууга коюлууда. Комитет бул план аркылуу мигранттарды барган жеринде колдоо, кайта келген мигранттарды жумушка орноштуруу, ишсиз жаштарды жумуш менен камыздоо жана эмгек ресурстарынын кесиптик мүмкүнчүлүгүн арттыруу, эмгек миграциясынын географиясын диверсификациялоону караштырып жатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG