Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59

Т. Сариевдин Жалал-Абаттагы жолугушуулары Токтогулда жыйынтыкталды


Президенттикке талапкер, « Ак шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Токтогул районундагы жолугушууга 300дөн ашык адам катышты. Бийлик ага тоскоолдук кылбай, кайра маданият үйүндө жолугушууну сунуш кылды. Бирок эл көп болгондуктан, жолугушуу маданият үйүнүн аянтында өттү. «Ак жол» партиясынын өкүлдөрү «Экс-президент А. Акаев өлкөгө келүүсү керекпи?, «Парламентти таркатууга кандай карайсыз?» деген суроолорду беришти. Президенттикке талапкер Т. Сариев андай суроолорго Жогорку Кеңеш жакшы иштегени менен кайра шайлоо зарылдыгын, А. Акаев кайра келип, сырт өлкөгө кетүүгө себепкер болгон жагдайды түшүндүрүп берүүсү керектигин, канчалык ал сындалганы менен Кыргызстандын туңгуч президенти катары тарыхта орду бар» деп жооп кайтарганын айтты. Ушуну менен талапкердин Жалал-Абат облусундагы сапары аяктады.(YA)

XS
SM
MD
LG