Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Курманбек Бакиевди колдогон жаңы кыймыл түзүлдү


"Кыргызстандын стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү үчүн" деп аталган жаңы кыймылдын уюштуруучусу Кубан Кандиевдин бүгүнкү маалымат жыйында билдиргенине караганда, кыймылга Социал-демократтар партиясынын мурдагы айрым мүчөлөрү жана башка республиканын жарандары кирген. Кубан Кандиев 2005-жылдан тарта СДПнын мүчөсү болуп жүргөнүн жана анын партияга өтөгөн эмгеги акталбаганын да кошумчалады. Кыймыл мүчөлөрүнүн билдиришинче, курамына 3000 киши кирген бул кыймыл азырынча юридикалык каттоодон өтө элек, бирок керектүү кагаздарга кол коюлуп, жоболору иштелип чыкты.

СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов болсо бул кыймылды атайы түзүлгөн “клондор” деп атады. “Бийлик биздин партиянын саясатынан коркуп ушундай кадамдарга барууда. Мындай мүчөлөр бизде эч нерсе кылбай эптеп илинип жүрүшкөн, эми минтип бийликтин кол баласына айланып берип, кайра бизге каршы иштеп жатышат”, - деди Бакыт Бешимов. Депутаттын билдирүүсүндө, партиядан ушундай себеп менен 10-15 киши кеткен. (AzK)

XS
SM
MD
LG