Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

А.Атамбаев: А. Жекшенкулов саясий себептерге байланыштуу камакта жатат


Мындай пикирин оппозиция лидери 8-июлда Кочкордо, 9-июлда Жумгал районунда шайлоочулар менен жолугушууларда билдирди. Бул тууралуу Атамбаевдин шайлоо штабынын активисти Алмамбет Шыкмаматов маалымдады. Атамбаев президенттик шайлоодо жеңишсе жетишсе Аликбек Жекшенкуловго окшогон күнөөсүз адамдарды бошотуп, чыныгы кылмышкерлерди абакка отургузарын шайлочуларга билдирген. Кочкордогу жолугушууларга төрт миңдей, Жумгалда үч миңден ашуун шайлоочу катышкан. Аликбек Жекшенкулов тышкы иштер министри кезинде мыйзам бузууларга барган жана анын тапанчасынан түрк ишкери атылган деп шектелип, камакка алган. Учурда Жекшенкуловго байланыштуу иш Биринчи май райондук сотунда каралууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG