Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Чоң сегиздин саммитинде бүгүн акыркы күн


Саммиттин бүгүнкү үчүнчү иш күнүндө көңүл глобалдык экономикалык кризистин дүйнөнүн эң жакыр Африка континентине тийгизген таасирине бурулаары күтүлүүдө. Чоң сегиздин лидерлери Италиянын Аквила шаарындагы саммитте Алжир, Ангола, Египет, Эфиопия, Ливия, Нигерия, Сенегал, Түштүк Африканын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу, өнүгүү жана жакыр өлкөлөр климаттагы өзгөрүүлөр жараткан көйгөйлөр менен кантип чече аларына байланышкан маселелерди талкуулайт. Кабарларга караганда, Чоң сегиздин өлкөлөрү жакыр мамлекеттердин калкы өзүн-өзү тоюндуруусу үчүн айыл-чарба өндүрүшүн колдоо боюнча 15 миллиард доллардык жаңы программаны жарыялары күтүлүүдө. Саммиттин буга чейинки эки күнүндө негизги көңүл дүйнөлүк экономикалык кризиске жана глобалдык жылуулук маселесине бурулган. Чоң Сегиздин тобуна АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, Орусия кирет.

XS
SM
MD
LG