Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Барак Обама талиптер алсыздандырылганын билдирди


Британиянын Sky News телекомпаниясынын суроолоруна жооп берип жатып, АКШнын президенти Барак Обама анын администрациясы Ооганстанда быйыл жайында талиптерге каршы күрөш чындап оор болоорун алдын ала билгенин, бирок америкалык жана союздаш аскерлердин аракети менен түштүк Ооганстанда талиптерге каршы жүргүзүлгөн операция оң натыйжасын берип жатканын айтты. Акыркы бир топ күндөрдөн бери Хелмандда америкалык жана британ аскерлери талиптерге каршы алкактуу операция өткөрүп жатышкан. Бирок конфликтти болтурбоого чейин али көп аракеттениш керектиги белгиленди. “Максат – быйыл августта Ооганстанда президенттик шайлоону тынч өткөрүп алуу”, - деди америкалык президент.

XS
SM
MD
LG