Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Филиппинде "Кызыл крест" уюмунун кызматкерин жикчилер бошотушту


Италиялык Евгенио Вагнини Филиппинде “Аль-Каида” террор тобу менен байланышы бар жикчилердин тобу дээрлик алты ай барымтада кармап турушкан. Расмий бийликтердин айтымында, 63 жаштагы Вагнинин ден-соолугу жакшы. Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини Вагнини чыгарууга Италия өкмөтү бир тыйын да төлөбөгөнүн айтты. "Кызыл Крест" коомунун үч кызматкерин январда Филиппинде ислам өлкөсүн түзөбүз деген “Абу Саяф” деген топ уурдап кеткен. Апрелде экөөсүн бошотушкан эле. Бул уюмду АКШ “террор тобу” деп билет.

XS
SM
MD
LG