Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

“Азаттыкты” коргоо кыймылы эртең акцияга чыгат


Кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул акция мурдагыларынан өзгөчө болот. Иш-чарага уюштуруучу өзү жалгыз чыгат. Ал КР Акыйкатчысына, транспорт жана байланыш министрлигине, маданият жана маалымат министрлигине, ЖК, Өкмөт үйүнө жана аягында Улуттук телеканалга барып, “Азаттыкка” азаттык” деп талап жазылган кайрылуусун тапшырат. Өндүрүш Токтоназаровдун билдиришинче аталган акцияны өткөрүүгө Бишкек шаардык мэриясы уруксатын берген. Бул акцияны жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылы да колдоого аларын билдиришүүдө.
УТРК өткөн жылдын күз айларынан тартып, теле жана радиообосунан “Азаттык” медиасынын программаларын берүүнү токтоткон. Алгач каржы төлөө тууралуу келишим бир жактуу аткарылбай жатканы себеп кылынып, кийинчерээк мамлекеттик күч органдары тарабынан “Азаттык” үналгысы берүүлөрүнүн мазмунуна байланыштуу улуттук телерадиоканалдан уктурулбай калгандыгы кабарланган. “Азаттык” үналгысы маалыматтарды чагылдырууда калыс туруп, бейтараптуулук принциптерин кармап, тең салмактуулукту сактап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG