Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Казакстанда Интернетти чектеген мыйзам күчүнө кирди


Президент Нурсултан Назарбаев бул жаңы мыйзамга өткөн апта соңунда кол койгон. Документ Интернетти жана анын баардык ресурстарын, маселен блогдорду, чаттарды да кадимки салттуу маалымат каражаттарына теңештирет. Ага ылайык соттор мыйзам бузду деп эсептелген Интернет сайттарды, анын ичинде чет өлкөлүктөрүн да жабуу укугуна ээ. Расмий өкүлдөрдүн түшүндүрмөсүнө караганда, жаңы мыйзам атуулдардын укугун коргоого, коомдук тартипке бүлгүн салуучу материалдардын, балдар порнографиясынын тарашын алдын алууга багытталган. Бирок Казакстан келерки жылы төргалык кылуучу ЕККУ уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклос Харашти мурдараак жогорудагыдай мыйзамдын кабыл алынышы “Казакстандын маалымат каражаттарын башкарууну демократиялаштыруудан артка чегинүү” экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG