Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

“Иттипак” коому БУУнун баш катчысына кайрылуу жолдоду


Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” коому Үрүмчүдөгү уйгурлардын абалына тынчсызданып бүгүн Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мунга, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге жана Кыргызстандагы Кытайдын элчисине кайрылуу жолдоду. Алар Пан Ги Мундан БУУнун Коопсуздук Кеңеши бул окуя боюнча тезиненен иликтөө жүргүзүшүн, кандуу трагедия күнөөкөрлөрүн Эл аралык сот жообуна тартууну, абакта жаткан уйгурлардын бошотулушуна көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. К. Бакиевден Кытай бийлигинин тынч жыйын катышуучуларына карата демократияга жатпаган аракеттерин токтотууга жардам берүүнү суранышты. 5-июлда Кытайдын Үрүмчү шаарында уйгурлар меен кытайлар кагылышып жүз элүүдөн ашык адам каза тапкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG