Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

"Набукко" газ куурун куруу боюнча келишимге кол коюлду


Өкмөттөр аралык келишимге бүгүн Анкарада аталган газ кууру аймагынан өтүүчү Түркия жана Евробиримдик өлкөлөрүнөн: Австрия, Болгария, Венгрия, Румыниянын премьер- министрлери кол коюшту. Анкарадагы салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо Набукко кууру Европанын орусиялык көгүлтүр отко болгон көз карандылыгын азайтаарын белгиледи:

-“Набукко”газ куурунун Европа менен Түркиянын энергия коопсуздугу үчүн мааанси чоң. Ал газ келүүчү булактар менен жолдун көп түррдүүлүгүн кепилдейт жана ишенимдүү кардар менен ишенимдүү жабдуучуларды ишенимдүү транзиттик жол аркылуу бириктирет.

Узундугу 3300 чакырым келген куурдун наркы 8 миллиард еврого баалануда жана кубаттуулугу жылына 31 миллиард кубометр деп эсептелген. Орусияны айланып өткөн бул куур аркылуу алгачкы, анын ичинде Борбор Азиянын көгүлтүр Европага эң эрте дегенде 2014-жылы келери күтүлүүдө.

Набукко газ кууру анын көгүлтүр от менен камсыздоочулар белгисиз болгондуктан улам кийинкиге калтырылып келди. Азыр аны газ менен башкы жабдуучулар катары Азербайжан менен Түркмөнстан, ал эми узак мөөнөттө Ирак жана Египет каралууда.

XS
SM
MD
LG