Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Теңин таппаган теледебаттар


13-июлдан тарта президенттике талапкерлер теледебаттарга чыгыш керек эле. Бирок саясий айтыштар башталбай жатып үзгүлтүккө учурады. Жеңишбек Назаралиев катышуудан баш тарткандыктан, бүгүн боло турган биринчи теледебатка Нурлан Мотуев сороюп өзү жалгыз чыгат.

Президенттике талапкерлердин теледебатка качан жана кайсы атаандаш менен чыгуусун аныктаган чүчү кулак 17-июнда БШКда кармалган. Ага ар бир талапкердин ишенимдүү өкүлдөрү катышкан. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча 13-июлда Жеңишбек Назаралиев менен Нурлан Мотуев, 14-июлда Курманбек Бакиев менен Токтайым Үмөталиева, 15-июлда Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариев теледебатка чыга турган болгон. Андан сырткары талапкерлердин чогуу тегерек стол жыйын өткөрүүсү белгиленген. 26-июнда болгон ал тегерек столго өздөрүн негизги атаандаш деп эсептеген Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан.

Бүгүн 13-июлда Нурлан Мотуев менен боло турган дебаттан Жеңишбек Назаралиев баш тартып, натыйжада Нурлан Мотуев өзү жалгыз чыгат. Курманбек Бакиевдин иш графигинин тыгыздыгына байланыштуу 14-июлда Токтайым Үмөталиева менен теледебатка чыга албашы кабарлаган . Ал эми Алмазбек Атамбаев оппозициянын ажырымын күчөтөт деп Темир Сариев менен 15-июлда теледебатка чыгуудан баш тартты. Ошону менен бул жолку президенттик шайлоодо теледебаттар толук үзгүлтүккө учурап олтурат.

Талапкер Темир Сариев теледебаттардын үзгүлтүккө учурашынын себептери тууралуу буларды билдирди:


- Биринчиден уюштуруу иштеринде кемчилик кетти. Менин оюм боюнча, көп мамлекеттерде теледебаттар эң негизги үгүт иштеринин бири болуп эсептелет. Анткени түз эфирде талапкерлердин позициясы, ой жүгүртүүсү, программасы, берилген ыңгайсыз суроолорго жооп бериши менен ички дүйнөсүн ачат. Ошону менен шайлоочуларга тандоого жардам көрсөтүлөт.

Темир Сариев теледебаттардын үзгүлтүккө учуроосуна талапкерлердин өздөрүнүн катышпай жатканын жана УТРК тараптан толук эфирдик убакыт берилбей жатышын да кошумчалады.

Коомчулукта талапкерлердин теледебатка чыгуусун аныктаган чүчү кулактын жыйынтыгына күмөн санагандар жок эмес. Социал-демократиялык партиянын өкүлү Жыргалбек Турдукожоев алардын өкүлдөрү бир участкалык шайлоо комиссиясынын курамына партия өкүлдөрүн киргизүү боюнча чүчү кулак кармоодо конверттерге белги коюлганын аныктап, чүчү кулак кайра жүргүзүлгөнүн мисалга келтирди. Буга байланыштуу талапкерлердин теледебатта беттешүүсү боюнча чүчү кулакта да конверттерге белги коюлушу мүмкүн.

Шайлоо өнөктүгүнө байкоо салып жаткан “Менин тандоомдун мезгили” бирикмесинин лидерлеринин бири Динара Ошурахунова чүчү кулактын жыйынтыгына күмөн бар экенин жашырбады:

- Бизде деле шек болду. Анткени чүчү кулакты өткөрүшүптүр. Биз болсо качан, каерде, ким өткөргөнүн, кимдер катышканы тууралуу ачык маалымат ала албадык. Анын жыйынтыгы боюнча оппозициялык эки талапкер бири-бирине каршы чыгып калды. Ошол эле учурда биздин президент Курманбек Бакиев Үмөталиева менен чыгып калыптыр.

Динара Ошурахунова мына ушундай шартта да теледебаттардын болбой калышын өкүнүч менен белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаев чүчү кулак боюнча шектенүүлөргө негиз жок экенин билдирди:

-Чүчү кулак өткөргөндө биз баарын чакырганбыз. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындар залына УТРКнын өкүлдөрү келип, өткөрүлгөн. Биз катышып отурганбыз. Конверттер даярдалган. Талапкерлердин өкүлдөрү баары катышкан. Ар бир конвертке мөөр басылылып, ар бир күндүкүн өзүнчө тартып жатышты. Ошондо тартканда туш келгени менен чыгып жатты. Аны уюштурулду дегенди мен четке кагам. Болгону ушундай чыгып калды. Бул эми тагдырдын жазганы да.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG