Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Гаагада Либериянын мурдагы президентинин үстүнөн сот жүрүп жатат


Адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн айыпталган Чарлз Тейлордун адвокаттары бүгүн сотто аны коргоону башташты. Мурдагы президенттин өзү 1991-2001-жылдардын аралыгында Сьерра-Леоне мамлекетиндеги согуш учурунда адам өлтүрүүгө, зордук-зомбулукка, аскер ишине балдардын тартылуусуна, талап-тоноого, адамдарды кулга айландырууга катышы бар деген деген он бир айыпты четке кагууда. Чарлз Тейлордун адвокаты Коуртиней Гриффитз Гаадагы Эл аралык кылмыш сотунунун Сьерра-Леоне боюнча атайын сотунда тергөөнүн жетиштүү далилдери жок экенин белгиледи.

Либериянын 61 жаштагы мурдагы президентинин үстүнөн сот 2008-жылдын январында башталган. Сот өкүмү дагы бир жыл аралыгында чыгуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG