Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Бакиев: АКШ базасын жайгаштырууда үч проблема чечилбей калган


Президент Курманбек Бакиев “Известия” гезитине берген интервьюсунда Кыргызстандагы АКШнын транзиттик борбору жөнүндөгү суроого да жооп берген. Анда Бакиев база ишке киргенде калган проблемалардын үч тобу деп жарандардын коопсуздугуна, экологиялык коопсуздукка жана экономикалык максаттуулукка байланышкан проблемаларды атаган. Транзиттик жүк ташуулар боюнча борбор тууралуу түзүлгөн жаңы макулдашуулар бул проблемаларды билинээрлик деңгээлде чече алды деген “Известия” гезитине берген интервьюсунда. Интервьюнун котормосун “Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санына баскан.
АКШ менен Кыргызстандын өкмөттөрү ортосунда транзиттик борборун түзүү жөнүндөгү макулдашуусун ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга президент 2-июлда кол койгон. Борбор АКШнын аба-аскерий базасынын ордуна түзүлдү. (BuS)

XS
SM
MD
LG