Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Алмаз Ташиевди урган милиционер айыбын мойнуна алды


Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев журналисттерге билдирип, бирок милиция кызматкеринин атын атаган жок. Анын айтуусунда Ноокат райондук прокуратурасы милиция кызматкеринин үстүнөн “Ээнбаштык кылган” деген берене менен кылмыш ишин козгоду. С. Курманалиевдин сөзү боюнча милиционер журналист менен мурдатан тааныш болгон, экөө 4-июль күнү Ноокатта жолугушуп, чатакташа кетип, аягында чатак мушташка айланган. Ал учурда милиция кызматкери формасыз жүргөн.
Эркин журналист, маркум Алмаз Ташиев 12-июль күнү ооруканада каза болду. Ал өлөрүнөн аз күн мурда өзүн Ноокат РИИБнүн кызматкерлери сабаганы тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына билдирип, милиционердин түшүнүк катын көрсөткөн. Журналисттердин укугун коргоо уюмдары ИИМ жетекчилигинен бул ишти кылдат иликтөөнү талап кылышууда.
Укук коргоочу Азиза Абдурасулова журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө айыпкер милиция кызматкерлерине карата “ээнбаштык кылган” деп кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз, деп эсептейт. Ал мындай пикирин “Азаттыкка” билдирип, журналистти сабап, өлүмгө жеткиргендер –милиция кызматкерлери, алар мамлекеттик кызматкерлер, ошондуктан, бул жерде мыйзам бузуу, кызмат абалынан пайдалануу, кыйноо жана өлтүрүү деген беренелер турат, деп белгиледи. Бул окуя боюнча “ээнбаштык кылган” деген берене менен кылмыш ишин козгоонун өзү мыйзамга жатпайт, дейт укук коргоочу (ZKo)

XS
SM
MD
LG