Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Каттоодон өткөн диний уюмдардын саны көбөйдү


Буга дин тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынганы негиз берди, деп билдирди КР дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев. Анын айтуусунда жаңы мыйзам ишке киргенден бери өлкөдөгү 2000ден ашуун диний уюмдардын 60% жакыны каттоодон өткөн. Белгилүү болгондой жаңы мыйзамга ылайык диний уюмдар каттоодон өтүшү үчүн 200 мүчөгө ээ болууга тийиш, мурда 10 адам жетиштүү болчу.
“Диний уюмдар тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, кабыл алган учурда бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар бул мыйзам жарандардын дин тутуу эркиндигине шек келтирет, деп билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG