КР ИИМ алдындагы башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Кубатбек Норузбаевдин 14-июлда журналисттерге маалымдаганы боюнча маркум депутаттын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп калды. Ушул жуманын аягында кылмыш иши сотко ашырылат. ЖК депутаты Санжар Кадыралиев мындан үч ай мурун башына ок жеп, каза болгон. Анын өлүмүнө шектүү делген А. Итибаев менен ага көмөктөшкөн Р. Сеитбаев кармалган. Учурда экөө тең убактылуу абакта кармалышууда. (ZKo)