Бул Москва шаарында иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын үйлөрүнө кайтканы гана, дейт Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров. Анын бүгүнкү маалымат жыйынында билдиргени боюнча учурда Орусиянын борбор калаасында 200 миңден ашуун кыргызстандыктар жашайт, 2000-жылы алар 20 миңдин айланасында гана болчу. Орус өкмөтүнүн жарандык берүү тартибин жөнөкөйлөтүү чечиминен кийин 300 миң кыргызстандык орус жарандыгына өтүшкөн.
КР миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитети орус жарандыгын кабыл алган кыргызстандыктардын саны 100 миңдин айланасында деп маалымдап келет. Орус бийлиги жөнөкөйлөтүлгөн жарандык берүү тартибин 1-июлдан тартып токтотту.(ZKo)