Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Кыргызстандан Казакстанга жашылча ташуу маселеси талкууланды


Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жаныш Рүстөмбеков кечээ Акмоло облусунун акими Альберт Рау менен кездешти. Анда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык алака-катышын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жашылча базарында кызматташууну “жашыл өтмө” системасы аркылуу кеңейтүү боюнча сөз козголуп, бул өтмө аркылуу Кыргызстандын түштүк аймагынан дыйкандар Казакстандын түндүгүнө жашылча-жемиштерин сатуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG