“Кыргыз ордо” маданий-өндүрүштүк биркмеси уюштуруп жаткан бул иш-чара эртең “Дасмия” маданий борборунда болот. Анда кыргыздын улуттук оюндары көрсөтүлөт, алардын маани-маңызы чечмеленип берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган бирикменин өкүлү Мирхамид Токтогул уулу билдирди. “Кыргыз ордо” маданий-өндүрүштүк бирикме 9-июлда салттуу музыкалардын фестивалын уюштурган болчу. (EBM)