Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Түштүктө база ачылышына Казакстан макул, Өзбекстан каршы


Россия вице-премьери Сечиндин сапарынан соң өлкө түштүгүндө орус аскер базасы ачылат деген сөз чыкты. Андай базанын ачылышына Өзбекстан кескин каршылыгын билдирсе, Казакстан макулдугун айтууда.

Маалым болгондой, Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин менен коргоо министри Анатолий Сердюков 7-июлда Кыргызстанда кыска мөөнөттүк, бирок жашыруун сапар менен болуп кеткен. Сапар учурунда орус делегация башчылары Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Игорь Чудинов менен жабык сүйлөшүүлөр өткөргөн.

Ал сүйлөшүүлөрдө талкууланган маселелер тууралуу ушул кезге чейин расмий маалымат бериле элек. Бирок жолугушууда Кыргызстандын түштүгүндө ЖККУнун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүн жайгаштыруу же Россиянын жаңы аскердик базасын ачуу тууралуу сөз болгону айтылууда. Россиянын президенти Дмитрий Медведев өз сөзүндө Москванын андай максатын ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Бул арада Кыргызстандын коңшулары жаңы базанын ачылышына байланыштуу өздөрүнүн позицияларын билдире башташты.
Маселен, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин атын атагысы келбеген жогорку даражалуу кызматкери Кыргызстан түштүгүндө орус аскердик базасынын ачылышына Ташкен кескин каршы экенин билдирген. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү тескерисинче коопсуздук максатында базанын ачылышына каршы эместигин ачыктаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев Ташкендин позициясына байланыштуу мындай пикирин билдирди:

- Өзбекстандын Кыргызстанга мамилеси башкча болуп турат. Себеби Өзбекстан менен жер маселеси, суу маселеси өзгөчө болуп жатат. Ташкен ЖККУнун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүн түзүү боюнча келишимге да кол койгон жок. Эмне үчүн кол койгон жок? Себеби ошол жерде беш мамлекеттин ичинде кандайдыр бир чатак чыгып кетсе, жардам бербейсиңер деп кол койгон жок. Россиянын базасы түштүктө, Баткенде ачыла турган болсо, бул үчүн да бизге тескери карап жатат. Себеби Камбар-Атаны курбайсың деп жатат. Базанын ачылышына да каршы чыгууда, - деген Мурат Жураев буга карабай Кыргызстан Россия менен жакын боло бериш керек, базанын ачылышын кубатташ керек деп кошумчалады.

Саясат таануучу Марс Сариев бул маселеге карата мындай пикирин айтты:

- Өзбекстан каршы чыкты. Себеби чын эле база Өзбекстанга коркунуч келтирет. Ошто же Баткенде база ачылса геосаясий жактан Ташкен Москваны карап калат. Анткени Ташкен жакын. Ал жакта аскердик аба күчтөрү болсо анда Өзбекстан Кыргызстанга суу маселе боюнча да, Камбар-Ата боюнча да кысым кыла албай калат. Мына ушундай өңүттөр бар да.

Кыргызстан коргоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, түштүк региондо ЖККУнун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүн жайгаштыруу жөнүндө сөз болуп жатат. Ал күчтөр Кыргызстандын күч структураларынан түзүлөрүн Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров билдирген. Ал күчтөр ЖККУга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын консенсус чечими менен колдонулат. Бирок анын командачылыгы Москвада жайгашуусу ыктымал.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлери 31-июлда Чолпон-Атада бейформал саммитке чогулушат. Мына ошол жерде Ыкчам аракеттенчү күчтөр жөнүндө маселе козголушу мүмкүн. Бирок бейформал саммиттин негизги себеби 1-августта Курманбек Бакиевдин 60 жашка чыгуусу, андан да маанилүүсү 23-июлда президенттик шайлоодо жеңип чыкса, ЖККУ лидерлери өз убагында куттуктоого мүмкүнчүлүк алышында болуп жатат. Ал эми саммитке даярдыкты Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров башында турган топ жүргүзүп жатканы белгилүү.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG