Малайзияда жайгашкан эл аралык агенттик билдиргендей, былтыркы алгачкы алты ай ичинде деңиз каракчылары 114 кемеге кол салса, быйыл алты ай ичинде 240 жолу чабуул коюшкан. Суу үстүндөгү кол салуулар Сомалиде кырдаал начарлап, каракчылык күч алганына байланыштуу дешет эксперттер.