Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:09

Иранда кырсыкка учураган учакта 169 киши набыт болду

Тегерандан коңшулаш Армениянын борбору Ереванга бараткан учак Ирандын түштүк-батыш тарабындагы Казвин шаарынын четине кулады. ИРНА маалымат агенттиги Казвин шаарынын өзгөчө кырдаалдар кызматынын башчысына шилтеме берип, учак бүт бойдон талкаланып-бүлүнүп, андагы кишилердин баары мерт болгонун маалымдады. Каспий аба жолдору кампаниясына таандык ТУ-154 учагында бараткандардын көбү Армения менен Грузиянын жарандары болгону кабарланууда.
XS
SM
MD
LG