Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Укук коргоочу уюмдар Казакстандын Интернет мыйзамын сынга алышты


Алардын пикиринде, Казакстандын жаңы мыйзамы өлкөдө ой-пикир билдирүү эркиндигин муунтат. Эл аралык “Хьюман Райтс Уочт” уюму жана Журналисттерди коргоо комитети өз билдирүүлөрүндө жаңы мыйзам Казакстандын алдыда Европадагы коопсуздук жана кызматаштык уюмунда төрагалык кылуусуна шайкеш келбей турганын белгилешкен.

Интернетти жана анын ресурстарын, анын ичинде блогдордду, чаттарды да кадимки маалымат каражатарына теңештирген мыйзамга президент Нурсултан Назарбаев өткөн апта соңу кол койгон эле.

Чек арасыз кабарчылар уюмунун айтымында, бул документ казак бийликтерине шайлоону, иш таштоолорду, демонстрацияларды, этникалык маселелерди чагылдырган интернет сайттарды жабуусуна мүмкүндүк берет.

Казак расмий өкүлдөрү болсо жаңы мыйзам Интнернетте порнографиянын, коомдук тартипке бүлгүн салуучу маалыматардын тарашына жол бербөөгө багытталганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG