Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Ушул айда НАТОнун Ооганстандагы күчтөрү эң көп жоготууга учуроодо


НАТО командачылыгынын билдиргенине караганда, июлдун башынан бери эле эл аралык күчтөр Ооганстанда 46 жоокерин жоготкон, алардын 24ү америкалыктар. “Ассошейтед Пресс” маалымат агенттигинин эсебине караганда, бул - Ооганстанда 2001-жылы аскердик операция башталгандан берки эң чоң жоготуу. Орто эсеп менен НАТОнун күчтөрү бул айда Ооганстанда күнүнө үч жоокеринен айрылууда. Коалициялык күчтөр дал ушундай жоготууларга Ирактагы аскерий операциянын эң кыйын учурларында дуушар болушкан.

XS
SM
MD
LG