Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Ирандагы авиакырсыктан 168 киши каза тапты


“Каспий аба жолдору” деген авикомпаниянын ТУ-154 үлгүсүндөгү учагы кечээ Ирандын түндүк- батышындагы Казвин шаарынын жанында кыйрады. Ал Тегерандан Армения башкалаасы - Ереванга жол тарткан эле. Күбөлөрдүн айтымында, учак асмандан эле өрттөнүп кеткен. Армениянын жарандык авиация боюнча мекемесинин билдиргенине караганда, учактагы жүргүнчүлөрдүн 147си Ирандын жарандары болгон, алардын 31и армян улутундагылар. Мындан сырткары учакта Армениянын 4, Грузиянын 2 жараны бар эле. Калган 15 адам экипаждын мүчөлөрү болгон.

XS
SM
MD
LG