Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

“Улуу Биримдик” партиясынын лидерин коркутуп, сабап кетишти


Партиянын лидери Эмил Каптагаевдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, аны 20-июнь түнү белгисиз бирөөөр күчкө салып кармап кетишкен. Алардын бирөөсү милиция формасында болгон. Каптагаевди шаардын сыртына алып чыгып, сабап таштап кетишкен. Ага эч кандай талап коюшкан эмес. Денеси бүтүндөй көгала болгон, мээси чайкалып, эки кабыргасы сынган Каптагаев үйүндө дарыланган. Ал тартип коргоо органдарына арызданган эмес. Анткени арызданса Атамбаевдин үгүт өнөктүгүнөн алагды кылып, суракка кайра-кайра чакыра беришерин билген.
Сабоодон кийин Эмил Каптагаев коркпой-үркпөй эле саясий ишмердүүлүгүн уланта бергенине байланыштуу 13-июлда түнү анын телефонуна 0-312-596147 номеринен телефон чалышып, мурдагы окуяны эскертишкен жана үйүндө үнчыкпай отурбаса, андан да жаман болорун айтышкан. “Мына ошондон кийин бул окуя бийлик тарабынан уюштурулганы анык болду”,- дейт Каптагаев.
“Мен коркпоймун жана саясий күрөшүмдү уланта беремин. Мен жана менин жакындарым бирдемке болсо аны уюштургандар президент Бакиев жана анын жакындары болот”, деп жазылган билдирүүдө.
Милиция кызматкерлери болсо Эмил Каптагаев тартип коргоо органдарына кайрылуусу керек эле деген пикирди билдирүүдө.
Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Исаковдун айтымында, азыркы мезгилде бийлик тарабынан Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Эмил Каптагаевди коркутуп сабоо, керек болсо жок кылууга чейин тапшырма берилген.(AiT)

XS
SM
MD
LG