Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Конституциялык сот Б.Бешимовдун арызын канааттандырды


Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов Конституциялык сотко кайрылып, Конституциянын 45чи беренесинин 3чү пунктуна ылайык, кызматта турган президент саясий партиялардагы мүчөлүгүн токтотуш керекпи деген маселени аныктап берүүнү өтүнгөн. Конституциялык сот Бешимовдун арызын бүгүн карап чечимин чыгарды. Анда Президент, анын ичинде азыр иштеп турган президент кызматта турган убакта саясий партиянын катарында турууга акысы жок деген чечим чыгарды.
Бакыт Бешимов Конституциялык соттун чечимине канааттанганын "Азаттыкка" билдирип, эми башка сот инстанцияларына кайрылып, азыркы президент Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясын президенттик кызматта туруп жетектөөсүнө байланыштуу маселени коерун билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG