Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

"Опелдин" тагдыры Германиядагы шайлоодон көз каранды


Меркел Медведев менен, 16-июл, 2009-жыл
Меркел Медведев менен, 16-июл, 2009-жыл

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев ушул бейшембиде Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүү жүргүздү. Күн тартибинде глобалдык экономикалык кризис үстөмдүк кылаары күтүлгөн. Ошол эле мезгилде Мюнхендин жанындагы сүйлөшүүдө Германиядагы машина жасоочу "Опел" заводунун келечеги да сөзгө алынаары айтылган.

Мюнхендин жанындагы Шлайсхайм ак сарайында Германиянын канцлери Меркел менен президент Медведевди аскердик сый-сыпат менен тосуп алышты. Көзмө-көз сүйлөшкөндөн кийин эки жетекчиге эки өлкөнүн экономика министрлери жана башка өкмөт өкүлдөрү кошулушту.

Сүйлөшүүнүн күн тартибинде Иран, Түндүк Корея, газ экспорту өңдөнгөн маселелер менен катар Германиянын "Опел" ишканасынын соодасы да болот деп кабарланган.

Май айында Берлин өкмөтү Канаданын машина бөлчөктөрүн жасоочу "Магна" компаниясы башында турган консорциум менен алдын-ала келишим жетишилгенин жарыялаган эле.

Ал келишим боюнча "Магна" орусиялык машина жасоочу ГАЗ ишканасы жана орусиялык Сбербанк менен бирге "Опелдин" 50 пайызын сатып алмак. "Опелдеги" жумушчу орундарын сактап калуу далалатында немис өкмөтү бул консорциумга 2 миллиард 100 миллион доллар убактылуу насыя берүүгө макул болгон.

Бирок андан бери сүйлөшүүлөр токтоп, көп түшүнүксүз нерселер орун алууда.

"Опелди" алууга "Магнадан" тышкары Кытайдын Бейжин Автомобил өнөр-жай компаниясы жана Белгиядагы ЭрЭйчЖей Интернэшнэл кызыгуу билдирген.

ЭрЭйчЖей ушул аптада "Опелдин" ээси Женерал Моторс менен макулдашууга жетишкени калганын жарыялады.

"Опелдин" айланасындагы кырдаалды британиялык авто өнөр-жай аналитиги Марк Бурса Женерал Моторсто көп өзгөрүүлөр болуп кеткендиги менен түшүндүрдү:

– Европадагы бөлүмдөрүн сатуу чечиминен кийин Женерал Моторс банкроттуктан корголуп, реформадан күчтүү компания болуп чыкты. Карыздарынан кутулду. Балким Женерал Моторстун башчысы Фритс Хендерсон Опелди саткысы келбей калды. Женерал Моторстун айланасында саясий себептерден улам былтыр айрым кадамдарга мажбурланды, азыр эми оюндун эрежелерди өзгөрдү деген сезимдер пайда болду.

Канадалык "Магна" Женерал Моторстун "Шевроле" автомобилдеринин Орусиядагы соодасын көзөмөлдөө ниетин билдирген, сүйлөшүүнүн туңгуюкка кабылышына ушул кырдаал да түрткү болгон болушу мүмкүн.

Германия башынан эле "Магнага" артыкчылык берген, себеби ал башка алармандарга караганда азыраак жумуш орундарын кыскартмак. Берлин Женерал Моторско эгер "Магнадан" башка тарапты тандап алса, финансылык колдоо бербей тургандыгын эскерткен. Бирок Бурса сентябрдагы шайлоодон кийин өкмөттүн туруму өзгөрүшү ажеп эмес деп боолголойт:

– Германияда жакында өтө турган шайлоодон кийин жаңы эрежелер чыгышы ыктымал. Эгер ага чейин бир бүтүмгө келишпесе, же белгиялык ЭрЭйчЖей менен келишим түзүлсө, кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн. Шайлоодон кийин жумуш орундарын сактоо башкы максат деп саналбай калат. Ошондой эле аз-аздап экономика оңолуп жаткандыктан, заводдордун жабылыш коркунучу азаят.

Ошол эле убакта "Опелдеги" кесиптик кошуундар ЭрЭйчЖейдин жаңы кожоюн болуп калышынан кооптонушат. Алар ЭрЭйчЖей Опелди кайра Женерал Моторско сатып жибериши мүмкүн деп шек санашууда. Эгер "Опел" кайра Женерал Моторстун колуна түшсө, ишкананын келечеги болбой тургандыгын "Опел" жумушчуларынын кеңеши ушул аптада жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG