Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

“Чочко тумоосунун” чоң толкуну каптай элек


Парижде гезит саткан адам жаңы вируска каршы маска тагынат, Франция, 4-июнь, 2009-ж.
Парижде гезит саткан адам жаңы вируска каршы маска тагынат, Франция, 4-июнь, 2009-ж.

H1N1 вирусу, же калк арасына «чочко тумоосу» деген ат менен тараган дарт дүйнө жүзүндө коркунучтуу деңгээлде болбосо да, туруктуу жайылып баратат. Эксперттердин баамында, бул вирусту 1 миллиондой киши жуктурду, алардын ичинен 500дөй адам көз жумду.

Дүйнөлүк саламаттык уюму ооруну ооздуктоо жолдорун ыкчамдатыш үчүн 11-июлда пандемия жарыялаган. Дарыгерлер азырынча бул вируска каршы дары табыла электигин, ал табылган күндө да, дүйнөнүн ар тарабына жеткирип таратуу – чоң көйгөйгө айланаарын эскертишет.

Кадимки сасык тумоо – грипп жыл сайын дүйнөдө он миңдеген кишинин өмүрүн жалмап жатканда, 500дөн бир аз ашыгыраак адамдын өмүрүн соолуткан «чочко тумоосу» анчейин коркунучсуз илдет сезилиши мүмкүн. Бирок антип ойлош таптакыр туура эмес, деп эскертет Нью-Орлеандагы биоэкологиялык изилдөөлөр борборунун илимпозу Жон Барри.

- Кээ бир кишилер анда бул оору өтө деле коркунучтуу эмес турбайбы деп ойлоп калышы мүмкүн. Алар терең жаңылышат, анткени кадимки сасык тумоодон калк кандайдыр деңгээлде корголгон. Алар гриппке каршы эмделгенби, же жокпу, кантсе да, буга чейин жок дегенде бир жолу сасык тумоого чалдыккан, ошондуктан алардын иммундук системасы ал вирусту тааныйт. Жаңы вирус белгисиз вирус болуп жатпайбы. Ошондуктан жайылуу темпи жай болсо да, «чочко тумоосу» табына кирип алган жерде андан каза тапкандардын саны дагы арбыйт.

АКШ менен Гонконгдук медиктердин изилдөөсү Жон Барринин айткандарын бышыктайт. Окумуштуулар тобу ХХ кылымдын башында 50 миллиондой кишинин өмүрүн алган сасык тумоо пандемиясынын өнүгүү тарыхын изилдеп чыгып, эпидемиянын эң чоң толкуну башталаар алдында вирус жайбаракат жайылып, улам күчкө толуп отурганын байкашкан. Ошондуктан, «медицинанын тарыхын эстен чыгарбай, жаңы вирустун чоң толкуну али алдыда деп эсептесек, анда ага каршылык көрсөтүүгө азырынча адамзат даяр эмес», - деп жыйынтыкташат адистер.

12-июлда Лондондо өткөн жыйында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү «чочко тумоосуна» каршы ар тараптуу текшерилип-жактырылган вакцина ушул жылдын аягына дейре даяр болот деп билдирди. Калкты эмдей турган вакцинага ал каршылык көрсөтчү вирустун майда клеткалары кошулушу керек экен. Азыркы «чочко тумоосунун» андай клеткалары алсыз болуп, азырынча аларды эмдөөгө колдонууга мүмкүн болбой атыптыр.

Дүйнөлүк саламаттык уюму вакцина даяр болгондон кийин ар бир өлкөгө тийиштүү өлчөмдө таратылат деп билдирди. Уюм биринчи кезекте бардык медицина кызматкерлери эмделиши керек, алар вирустун калк арасына жайылышына каршы аракет көрүүгө даяр турганы зарыл деп белгиледи. Айрым эксперттер “чочко тумоосунун” күчтүү толкуну ушул күздө капташы мүмкүн деген маалыматты жарыялап, андан улам Бельгиянын бизнес чөйрөлөрү эпидемияга ар төрт кызматкердин бири кабылаарын, Италия өкмөтү эң ириде полициячылар, өрт өчүргүчтөр, медицина кызматкерлери жана ага чейин эле кай бир оорудан жабыркаган адамдар эмдөөдөн өтөт деп эскертти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG