Грузин оппозициясынын лидери Иракли Аласаниа өзүнүн партиясын негиздеди. Грузиянын Бириккен Улуттар уюмундагы мурдагы элчиси Аласаниа президент Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар бекер аракет болбогонун билдирди. “Биздин Грузия – Эркин демократтар” партиясы президент Михаил Саакашвилинин отставкасын талап кылмакчы. Грузин оппозициясы Саакашвилини бийликти бир колго топтоп, өткөн жылы августта Орусия менен болгон кыска мөөнөттүү согуш үчүн айыптап келет.