Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Чүйдүн айрым айылдарында добуштарды сатып алуу болуп жатат


Бул туурасында бүгүн Беловодск айылындагы А. Атамбаевдин штабынан Абдыкалык Рүстөмов “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, өткөн жума “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү Чүйдүн Спартак айылындагы эки үйгө мал союп, элди коноктогон жана талапкер Бакиевдин шайлоодон жеңип чыгаары туурасында ишенимдүү белгилешкен. “Учурда аталган мыйзам бузууга байланыштуу Москва райондук прокуратурага жана тиешелүү тараптарга арыз берилди”,- деди Абдыкалык Рүстөмов. Арызга Спартак айылындагы окуяга күбө болгондор дагы кол коюшкан. Бирок облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Р. Иманбекова азырынча добуш сатып алууга байланыштуу эч кандай арыз түшө электигин “Азаттыкка” билдирди. (JJ)

XS
SM
MD
LG